ЖАПАРАЛИЕВ Нурлан Тынчтыкбекович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:16, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ЖАПАРАЛИЕВ  Нурлан Тынчтыкбекович  (1976-жылы туулган , Фрунзе) – биология илимдеринин доктору (2011). КАЧИни бүтүргөн  (1998). Ветеринариянын эпизоотология, вирусология, биотехнология тармагында жетектөөчү окумуштуу. Илимий ишмердүүлүгү ветеринариялык  биотехнологияда айыл чарба малдарынын ылаң козгоочу вирусуна каршы дарыларды жакшыртуу м-н алардын ылаңын  аныктоо үчүн спецификалык ыкмаларды иштеп чыккан. Койдун жана эчкинин чечекке каршы жергиликтүү штаммын, ИФА ж-а ПЦР тест-системасын ойлоп тапкан. Республиканын  аймагында катталган вирустардын касиеттерин изилдөө сериялары өткөрүлгөн, биотехнология ж-а аларды культивирлөөнү жакшыртуу боюнча, анын козгогучтарын аныктоо боюнча тест-системасын, койдун ж-а эчкинин чечек вирусун бөлүүдө жергиликтүү штаммдарын, койдун ж-а эчкинин чечек ылаңына  каршы культуралык вакциналарды иштеп чыккан. Бардыгы 95тей илимий эмгектери, анын ичинде 1 монография, 15 методикалык сунуштама ж-а көрсөтмө, 12 ыкма,   8 патенттик инновациялык иштелмелердин автору. КРдин илим ж-а техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты     Эм.: Разработка метода ПЦР для выявления оспы овец и коз //Вестник науки Казакского  агротехнического университета  С. Сейфулина. Астана, 2009. -№ 4– С. 202-207.  ( в соавторстве).