ИСАКОВ Мухтарбек Бакбурович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:53, 17 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ИСАКОВ ''' Мухтарбек Бакбурович (1965-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Саруу айылы...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ИСАКОВ  Мухтарбек Бакбурович (1965-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Саруу айылы) – медицина илимдеринин доктору (2015). И. К. Ахунбаев атындагы КММИни (1988), КЭУну бүтүргөн (1999). Эмгек жолун Бишкектеги № 2 төрөт  үйүндө  анестизиолог-ревматолог  врачы болуп баштаган.  Иран Ислам Республикасында  анестизиолог-ревматолог врач; КР Өкмөтүнө  караштуу Бишкек аймактык  милдеттүү медицина камсыздандыруу башкармалыгында башкы адис, врач-эксперт; КР Саламаттык сактоо министрлигинин УХБда башкы врачтын орун басары, улук илимий кызматкер; КР Өкмөтүнө  караштуу Бишкек аймактык  милдеттүү медициналык   камсыздандыруу  башкармалыгында  директордун орун басары;  И. К Ахунбаев атындагы  КММИде окуу борборунун башчысы, Клиникалык ыкмаларды жана өндүрүштүк практиканы   өөрчүтүү борборунун директору. Бардыгы 53 илимий эмгектери, анын ичинде1 монография, 1 окуу-методикалык курал, 6 методикалык сунуштардын, 1 ойлоп табуу патентинин  автору. Эмг.: Проблемы подоготовки экспертов для оценивания организаций здравоохранения // Центрально-Азиатский научно-практический журнал по общественному здравоохранению. -Алматы, 2012.–№ 2.–С. 20–23.