ДҮЙШЕЕВ Буранбек Жамгырчиевич
ДҮЙШЕЕВ Буранбек Жамгырчиевич (1958-жылы туулган, Чүй облусу, Аламедин району, Кой-Таш айылы) – медицина илимдеринин доктору (2001). И. К. Ахунбаев атындагы КММИни бүтүргөн (1981). Эмгек жолун КММИде ординатор болуп баштаган. Киев (Украина) нейрохирургия ИИИде аспирант; КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык клиникалык ооруканасында врач-нейрохирург; Н. Н. Бурденко атындагы нейрохирургия ИИИде (Москва шаары) докторант; КР Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталында №1 нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы; И. К. Ахунбаев атындагы КММИде; Б. Н. Ельцин атындагы КРСУда неврология кафедрасында профессордун милдетин аткаруучу. КРдин эмг сиӊирген врачы ж-а саламаттык сактоонун отличниги. Анын 60тан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 1 монографиясы, 3 рационалдык сунуштары, 1 окуу-методикалык куралы жарык көргөн. Эмг.: Клинические особенности опухолей задней черепной ямки у пожилых. Б.: Бийиктик, 2011.-204 с.