ЖАНАЛИЕВ Болотбек Рахманович
Jump to navigation
Jump to search
ЖАНАЛИЕВ Болотбек Рахманович (1961-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кашка-Суу айылы) – медицина илимдеринин доктору (2003). И.К Ахунбаев атындагы КММИни бүтүргон (1984). Эмгек жолун КММИде ассистент болуп баштаган. Ошол эле жерде улук мугалим; Москвадагы И. М. Сеченов атындагы медицина академиясында аспирант, докторант; КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык патолого-анатомия бюросунун начальниги; Б. Н. Ельцин атындагы КРСУда профессор. Бардыгы 35 илимий эмгектери, анын ичинде 2 окуу-методикалык сунуштамасы жарык көргөн. Эмг.: Туберкулез легких по данным аутопсийного материала РПАБ\\ Universum. Медицина и фармакология/ –2016/ –№11 (33). –С. / 11.–15.