КАВАТИНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:40, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''КАВАТИНА''' (италянча cavatina – алуу) – лирикалык баяндама түрүндөгү чакан ария; обону жөнөкөй, ыр...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

КАВАТИНА (италянча cavatina – алуу) – лирикалык баяндама түрүндөгү чакан ария; обону жөнөкөй, ыргактуу, кыялкеч маанайда ырдалат. Мисалы, Римский-Корсаковдун «Аяз кызындагы» Берендейдин каватинасы. Ал эми Глинканын «Руслан менен Людмила» операсындагы Людмиланын каватинасы формасы жагынан таталыраак. Кээде обондуу аспаптык чакан пьеса да каватина деп аталат.