ГУДОК музыкалык аспап
10:36, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Lera moved page ГУДОК to ГУДОК музыкалык аспап) тарабынан жасалган версия
ГУДОК – орустардын байыркы жаалуу тартма үч кылдуу музыкалык аспабы. Тик кармалып ойнолот. Үстүңкү (бийик) күүлөнгөн кылында обондор аткарылган. Эки төмөңкү кылы ойноо мезгилинде жардамчы (коштоочу) милдетти аткарат. Гудок хорду, элдик ырларды коштоого алган. Башка музыкалык аспаптар менен да кошулуп ойнолгон. XVII–XVIII кылымдарда хан сарайларында ойнолгон.