ГУДОК музыкалык аспап
(ГУДОК барагынан багытталды)
Jump to navigation
Jump to search
ГУДОК – орустардын байыркы жаалуу тартма үч кылдуу музыкалык аспабы. Тик кармалып ойнолот. Үстүңкү (бийик) күүлөнгөн кылында обондор аткарылган. Эки төмөңкү кылы ойноо мезгилинде жардамчы (коштоочу) милдетти аткарат. Гудок хорду, элдик ырларды коштоого алган. Башка музыкалык аспаптар менен да кошулуп ойнолгон. XVII–XVIII кылымдарда хан сарайларында ойнолгон.