ГОМОФОНИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:31, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ГОМОФОНИЯ''' (грекче homos – жалгыз, phonos – добуш) – чыгарманын башкы бир обону басымдуулук кылып,...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ГОМОФОНИЯ (грекче homos – жалгыз, phonos – добуш) – чыгарманын башкы бир обону басымдуулук кылып, калгандардын үндөрү (добуштары) коштоочулук милдетти аткарган көп үндүүлүктүн бир түрү. Ал башка жана коштоочу деп бөлүнөт. Гомофония маанайындагы, түзүлүштөгү чыгармалардын обону негизинен музыкалык образдын мазмунун коштоону (аккомпанемент) тереңдетип, анын көркөмдүүлүгүн айкындайт. Гомофониялык маңыздагы чыгармалар полифонияга – көп үндүүлүккө карама-каршы келет. Алгачкы жолу «гомофония» деген түшүнүк байыркы Грецияда пайда болгон. Эки же андан көп адамдар кошулуп ырдаган же аспаптык ансамблде унисонго ойногон чыгармалар да гомофония деп аталган. Унисондук гомофония дүйнө эдлеринин көптөгөн эл чыгармаларында бар. Кыргыздын эл ырларында гомофония жанры өнүккөн. Гомофония XVII–XIX кылымдарда жаңы музыкалык жанрларга (опера, оратория, кантата), коштолуп аткарылуучу жеке ырларда жана аспаптык профессионалдык музыкада өнүккөн.