ВИОЛА,
Jump to navigation
Jump to search
ВИОЛА, виолалар – кылдуу тартма музыкалык аспаптардын түркүмдөрү. XV кылымда пайда болгон. Алардын негизги түрлөрү: дискант, альт, тенор, бас. Булар бири-биринен көлөмү жана диапазону жагынан да айырмаланат. Добушу назик, пас, 6 кылдуу (кээде 5-7 кыл да тагылат). Квартага күүлөнөт. XVI–XVII кылымдарда Батыш Европага жеке жана оркестрдин аспабы катары тараган. Ал эми XVII кылымдан тартып скрипка түркүмүндөгү (скрипка, альт, виолончель, контрабас) аспаптар сүрүп таштаган. XVIII кылымдын биринчи жарымына чейин өз маанисин, музыкадыгы ордун жоготкон эмес. Виола тикесинен бойлото кармалып ойнолгон.