БАНДЖО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:51, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''БАНДЖО''' (англисче banjo) – америкалык негрлердин кылдуу чертме музыкалык аспабы. Чарасы жаргак...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

БАНДЖО (англисче banjo) – америкалык негрлердин кылдуу чертме музыкалык аспабы. Чарасы жаргак менен капкакталган, моюну беренелерге бөлүнгөн. 4-9 кылдуу, плектордун жардамы менен ойнолот. Банджо  ар кандай көлөмдө, түрдүүчө күүлөнөт. Банджо түрлөрү укулеля (жалаң 4 кабат кылдуу), банджо мандолина (4 эки кылдуу ), банджо гитара (жалаң 6 кабат кылдуу), банджо тенор (жалаң 4 кабат кылдуу) жана башка түрлөрү бар. XX кылымдан джаз-оркестрлер уюштурулат. Банджо жеке ойноочу жана коштоочу аспап катары пайдаланылат жана ар бири ар кандай күүлөнөт. Мисалы, банджо-мандолина, банджо-гитара кадимки эле мандолина примадай, 6 кылдуу гитарадай күүлөнөт.