ЖОРГО ТООДАК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:14, 3 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ЖОРГО ТООДАК ('''Chlamudotis undulara) – тоодактар тукумундагы куш. Узундугу 60 ''см''ге, салмагы  1,2-2,4 ''кг''...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ЖОРГО ТООДАК (Chlamudotis undulara) – тоодактар тукумундагы куш. Узундугу 60 смге, салмагы  1,2-2,4 кгга  жакын. Башында үрпөгү, моюнунун капталында  узун  канаттан “жакасы” бар.  Түндүк  Африка ж-а Азиянын  чөлдөрүндө, боздоңдорунда  тараган. КМШнын чөлдөрүндө  кезигет.  Жакшы чуркайт ( 40 км/с), демейде жерге жакын, жапыз учат.  Ачык жерге уялайт. Саны азайып бара жатат. КМШнын Кызыл китебине катталган.