АСТРОГРАФ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:48, 21 Июль (Теке) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АСТРОГРАФ (астрожана грекче grapho ‒ жазамын) ‒ асман жарык чыгаруучуларын сүрөткө тартуучу астрономиялык аспап. Анын негизги мүнөздөмөсү ‒ фотопластинкага түшкөн жарык күчү менен сүрөттөлүштүн өлчөмүн аныктоочу объективдин диаметри жана фокус аралыгы. Асмандагы жылдыздар, метеорлор, кометалар, астероиддер жана жасалма жандоочторду тартуучу астрографтын объективинин фокус аралыгы 1 мден ашпайт, ал эми өтө так астрономиялык өлчөөлөрдү жүргүзүүчү астрографтыкы ‒ 10‒15 мден кем эмес болот. Дүйнөнүн көпчүлүк обсерваториялары фокус аралыгы 3,4 м кадимки астрограф менен жабдылган.