АСКИЗ МАДАНИЯТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:12, 18 Июль (Теке) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АСКИЗ МАДАНИЯТЫ ‒ хакастардын орто кылымдардагы (X‒XVII кылымдар) археологиялык маданияты. Байыркы хакас мамлекетинин мезгилинде Иртыштан Байкалга, Ангарадан Монголияга чейинки аймакка тараган. Аскиз дарыясынын жээгиндеги байыркы көрүстөндөрдөн улам аталган. Эстеликтерди 1955-жылы археолог Л.Р.Кызласов изилдеген. Тюхтят маданияты (Кыргыз кагандыгы) аскиз маданиятына негиз болгон. Аскиз маданиятынын эстеликтерине шаарлар, таштан курулган чеп ‒ коргонуучу жайлар, байыркы кыштактар, кыштан тургузулган манихей ибадатканасы (XI‒XII кылымдар), енисей жазуулары (орхон-енисей), өрттөп көмүлгөн адамдын сөөктөрү коюлган таш дөбө-мүрзөлөр жана башкалар кирет, ошондой эле алтын, күмүш менен кооздолгон темир буюмдар мүнөздүү. XI кылымда аскиз маданияты Чыгыш Европада, анын ичинде орус мамлекетинде кол өнөрчүлөрдүн жана соодагерлердин факториясы катары белгилүү болгон. Хакастардын Россияга кошулушу (1598‒1718-жылдар) жана христиандаштырылышы аскиз маданиятынын хакас маданиятына өзгөрүшүнө түрткү берген.