АСЕМ БУЮМДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:00, 18 Июль (Теке) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АСЕМ БУЮМДАР– I) зергерчиликте көркөмдөлүп жасалган кооз буюм. Алтын, күмүш жана башка металлдан жасалып, бетине асыл таш (алмаз, бермет жана башкалар) чөгөрүлөт. Аларга сөйкө, шакек, билерик, желбирөөч, топчу, төөнөгүч, чолпу жана башкалар, ошондой эле шөкөттөлгөн ат жабдык, жоо-жарактары, аңчылык буюм жанa музыкалык аспаптар кирет; 2) Кол өнөрчүлүктөгү көркөм жасалга. Боз үйдүн ички-сырткы жасалгасы, үй буюмдары, ат жабуу, улуттук кийим-кече жана башкаларга көркөм оюмдар, түшүрүлүп саймаланып, ошондой эле тигүү өнөрүндө зер жипчелер колдонулуп, кооздолуп жасалат. Мисалы, боз үйдүн эң мыктысы – ак өргөөнүн кийизин бордоп, ак чополоп жанa сөөктүн гүлү менен агарткан. Ак тыбыттан кийиз жасап, сыртын ак кездеме менен каптап, ичине чыгдан тартылбай, от жагылбай, аялга жанa эркекке таандык асем буюмдар коюлган. Учурда борбор шаарыбыздагы элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн «Кыял» бирикмеси жанa элдик чеберлер жасаган асел буюмдар чет мамлекеттерге экспорттолуп, кыргыз элинин чеберчилик өнөрүн дүйнөгө таанытууда.