АПЛОДИСМЕНТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:09, 18 Июль (Теке) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АПЛОДИСМЕНТ (латынча applaudo – кол чабам) – колдоо көрсөтүү, сүрөөн, салам айтуу белгиси. Театрда – көрүүчүлөрдүн сахнада аткарылып жатканды колдоо катары кол чабуусу, ошондой эле акттын соңунда актёрлорду сахнага чакыруу. Байыркы Римде эле аплодисменттин ар кандай мааниси бар, иштетилген системасы болгон. Аплодисмент азыркыга чейин өз маанисин жогото элек.