АНГКОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:55, 18 Июль (Теке) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНГКОР -- (кийин Ангкор – Тхом кхмерче – «Улуу шаар» дегенди билдирет) – Сием-Реап шаарынын (Кампучия) жанындагы храмдардын, сарайлардын, суу сактагычтардын жана каналдардын зор комплекси. IX–XIII кылымдарда курулган. Яшодхарапура (IX кылымдын аягында негизделген) менен Ангкор-Тхом (XII кылымдын аягы) храмы, шаар урандылары, жыгач сарайлардын таш пайдубалы, тепкичтүү пирамида түрүндөгү «тоо-храмдары», анын ичинде скульптуралык жактан бай жасалгаланган ири Ангкор-Ват храмы (1113–1150-жылдар чени) бар. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.