АМУР МАДАНИЯТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:40, 18 Июль (Теке) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АМУР МАДАНИЯТЫ – неолит дооруна (биздин заманга чейинки 5 жана 1 миңинчи жылдыктын башы) таандык, Амур-Дарыясынын ортоңку жана төмөнкү бойлоруна тараган маданият. Негизинен чопо идиш-аяктары, таштан жасалган эмгек куралдары табылган. Амур маданиятын калтырышкан уруулар көчмөн жана жарым көчмөн турмушта жашап, аңчылык менен тиричилик кылышкан.