АККОРД
Jump to navigation
Jump to search
АККОРД (французча accord, латынча accordo – макулдашуу, үндөшүү) – ар кандай бийиктиктеги бир нече добуштардын бир убакта үндөшүүсү. Аккорд деп адатта добуштары терция добуш аралыгында жайгашкан же жайгашууга мүмкүн болгон үндөштүк аталат. Түрдүү аталыштагы добуштардын аккорд курамына кирген санына жараша үч үндүк (3 добуш), септаккорд (4), нонаккорд (5) жана башкалар болот.