ИОНДУК БАЙЛАНЫШ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ИОНДУК БАЙЛАНЫШ , э л е к т р-в а л е н т­т и к б а й л а н ы ш – хим. байланыштардын бир түрү. Ал карама-каршы заряддалган ион­дордун электр-статикалык өз ара аракеттенүү­сүнө негизделген. Мындай байланыш жегич ме­таллдардын галогениддеринде даана байка­лат, мис., КF. Элементтердин мезгилдик систе­масында топтор жакындаган сайын И. б-тын күчү азаят. Мис., NaClго караганда АlCl3тө И. б-тын күчү аз. И. б-тын мейкиндикте белгилүү бир багыты болбойт, анткени ар бир иондун те­герегинде багыттар б-ча кулондук бирдей күчтөр таасир этет. Карама-каршы заряддуу эки ион өз ара аракеттенишсе, алар бири биринин зарядда­рынын күчтүк талааларын толук канааттандыр­байт, себеби ар бир ион башка багыттар б-ча да карама-каршы заряддуу иондор м-н аракеттени­шет. Демек, И. б. каныкпастыгы м-н мүнөздө­лөт. Кристаллда ар бир ион карама-каршы за­ряддуу иондордун максималдуу санынын курчоо­сунда болот. Мис., NaCl кристаллында натрий ионунун тегерегинде хлордун алты иону жайга­шышат. И. б-тагы бирикмелер уюлдуу эрит­кичтерде жакшы эрийт, диссоциацияланат, электр агымын жакшы өткөрүп, электролизденет.