ИНФЛЯЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ИНФЛЯ́ЦИЯ (англ. inflation) – акчанын жү­гүртүү каналдарын эл чарбасынын реалдуу ке­ректөөсүнөн ашыкча кагаз акча м-н толтуруу ж-а коомдук кайталап өндүрүү процессинин бу­зулушу м-н шартталган баасыздануусу. И. акча жүгүртүү мыйзамынын иштешинин бузулушун билдирет ж-а баанын ачык ж-а жашыруун өсүшүнөн көрүнөт. И. таралуу чөйрөсүнө жара­ша төмөндөгүдөй түрлөргө бөлүнөт; жергиликтүү (бир өлкөнүн ичиндеги), глобалдык (дүйнө­лүк); мүнөзүнө жараша: гиперинфляция (айы­на 40%тен жогору), таскактаган (ыкчам ж-а се­кириктүү), жылма (жай темптеги), баскычтуу (бир кылка эмес), импорттолгон. И. ички ж-а тышкы себептерден улам пайда болот. Ички се­бептер: 1) өкмөттүк чыгымдардын өсүшүнө байланышкан мамл. бюджеттин тартыштыгы; 2) мамлекеттин өндүрүштүк эмес (өзгөчө аскер­дик) чыгымдарынын жогорку деңгээли; 3) эко­номиканы өнүктүрүүнүн циклдик мүнөзүнүн бел­гиси болуу м-н макро­ж-а микро деңгээлдердеги диспропорция (к. Экономикалык цикл). Тыш­кы себептер: 1) өз өлкөсүнүн чек арасын кесип


өтүп‚ башка өлкөлөргө экспорттолуучу товар­ларга ж-а кызмат көрсөтүүлөргө монополиялар тарабынан баанын кескин көтөрүлүшүнө түрткү болгон сырьёну‚ нефтини импорттоого баанын көп эсе өсүшү м-н коштолгон дүйнөлүк структу­ралык кризистер (сырьёлук‚ энергетикалык ж. б.); 2) улуттук валютаны чет өлкөлүк валю­тага банктардын алмаштыруусу кагаз акчанын кошумча эмиссиясына керектөөнү пайда кылып‚ акча жүгүртүү каналын толтурушу.


Ад.: Государственное регулирование рыночной экономики/ Отв. ред. В. И. Видяпин. М. 2002.