ИНТРОСПЕКЦИЯ
ИНТРОСПЕ́КЦИЯ (лат. introspecto – ич жагына кароо) – өзүнө-өзү байкоо жүргүзүү, адамдын өзүнүн турмушун тескеген мыйзам ченемдүүлүктөрдү аныктоо максатында ички дүйнөсүнө ж-а аң-сезимдүү психикалык турмуш-тиричилигине байкоо жүргүзүүсү. 19-к-дын 2-жарымында И. психологиядагы башкы методдордон болуп калды. Интроспекциялык психологияда И. методунун бир катар варианттары: 1) сабыркоожабыгууларды андан ары бөлүнбөс (майдаланбас) «элементтерге» чейин муунактап бөлүүнү талап кылган аналитикалык И.; 2) өзүнө-өзү респроспекциялык эсеп берген ыкманы пайдалануу м-н ойлоонун жүрүшүнүн баскычтарын байкоого алууга багытталган системалуу И-лоо; 3) гештальтпсихологиядагы өзү байкоо жүргүзүүчү феноменол. метод. О. эле бул вариант баяндап жазма психологияда, гуманисттик психологияда ж. б. да колдонулуп келген. Мындай көз караштар классикалык И. деген аталышка ээ болуу м-н кийинки ойчулдар тарабынан четке кагылып, мурдагыдай популярдуулугун жоготкон. 20-к-дын 20-жылдарындагы интроспекция окуусундагы карама-каршылыктар бир катар ил. жаңылыштыктар ж-а бурмалоолор м-н коштолгон. Ал эми 1940-ж. аң-сезимдин маанисин четке каккан бихевиоризм окуусу тарабынан «И.» термини ил. психологиядан сүрүлүп чыккан да, пайдаланылбай калган.