ИНТЕРНАЦИОНАЛ 1
ИНТЕРНАЦИОНА́Л б и р и н ч и (Ж у м у шч у л а р д ы н э л а р а л ы к ш е р и к т е шт и г и ) – жумушчулардын эл аралык биринчи уюму. 1864-ж. 28-сентябрда Лондондо уюшулган К. Маркс м-н Ф. Энгельс негиздеген. Жумушчулардын эл аралык шериктештигинин уюмдаштыруу манифести, уставы, үндөө, циркуляр ж-а чечимдерин К. Маркс иштеп чыккан. Ал документтерде марксизмдин программалык ж-а тактикалык жоболору өнүктүрүлгөн. Жумушчу табы капитализмди ойрондоочу ж-а социализмди куруучу күч деп көрсөтүлгөн, соц. рев-яда саясий бийликтин (пролетариат диктатурасынын), аны жеңип алуу зарылдыгынын, пролетариат үчүн өз саясий партиясын түзүүнүн, социалдык боштондук үчүн күрөштө ар түрдүү өлкөлөрдүн жумушчуларынын биригишинин маанисин баса белгилеген. Биринчи И-дын ишине туруктуу к-ти бар Генералдык Совет жетекчилик кылган, ал Европадагы негизги өлкөлөрдөн, АКШ, Австриядан келген жумушчу өкүлдөрүнүн улуттук секцияларына (федерацияларына) таянып иш алпарган. 1870-ж. биринчи И-дын Европа өлкөлөрүндөгү ишмердүүлүгү токтогон, 1876-ж. уюм таркатылган.