ИНЖЕКЦИЯ
ИНЖЕ́КЦИЯ (лат. injectio – ыргытуу) – 1) з ар я д д а л г а н б ө л ү к ч ө л ө р д ү кыймылын тездетүү же топтоо үчүн аларды ылдамдаткычка киргизүү процесси. Сызыктуу ылдамдаткычтагы бөлүкчөлөрдүн И-сы (о. эле кийин ылдамдаткычтан чыгуу да) анчалык тех. кыйынчылыкты туудурбайт ж-а киргизилген заряд тобунун параметри м-н ылдамдаткычтын параметринин дал келиши гана талап кылынат; 2) з а р я д т а ш у у ч у н у н сырткы электр талаасынын таасири астында жогорку концент-луу облустан ток алып жүргүчтүн ташуусунун натыйжасында жарым өткөргүчтө заряд ташыгычтын концент-сынын көбөйүшү. Жарым өткөргүчкө ашыкча заряд металл же башка жарым өткөргүчтөн электр тогу өткөн учурда агып кирет. Заряд ташуучунун И-сы монополярдык ж-а биполярдык болуп эки түргө бөлүнөт. Заряд ташуучунун монополярдык И-сында жарым өткөргүчкө тиймектин бири (И-лоочу тиймек) аркылуу бир белгидеги гана заряд ташылат. Ал эми экинчи тиймек (жарым өткөргүчтө ток чынжырын түзүүдө колдонулат) аркылуу жарым өткөргүчкө карама-каршы белгидеги заряд өтпөйт (И-лабоочу тиймек). Заряд ташуучунун биполярдык И-сында жарым өткөргүчкө тиймектер аркылуу бир мезгилде карамакаршы белгидеги электроддор бири бирин көздөй агып кирет. Ошентип алар бири бирин нейтралдап ж-а ошол эле кристаллдагы монополярдык И-да ток көп болот.