ИНДУКТОР
ИНДУ́КТОР (лат. inductor – жөндөйм, ойготом), 1) ы с ы т к ы ч И. – нерселерди (көбүнчө өткөргүчтөрдү) өзгөрмөлүү магнит талаасында дүүлүктүрүүчү куюн түрүндөгү ток м-н индукциялык ысытуучу электр-магниттик түзүлүш. Ал негизги эки бөлүктөн – өзгөрмөлүү магнит талаасын пайда кылуучу өткөргүчтөн ж-а электр энергиясынын булагына туташтыруучу ток бергичтен турат. И-дун бардык түрлөрү бир убакта ж-а үзгүлтүксүз удаалаш ысытуучу болуп экиге бөлүнөт. Биринчисинде индукцияланган өткөргүчтүн аянты болжол м-н ысытылуучу беттин аянтына барабар болуп, бул бир эле убакта бардык бөлүктөрдү ысытууга мүмкүндүк берет. Экинчи ыкмада – ысытылуучу буюмдун бети индукцияланган өткөргүчтүн үстүнөн удаалаш жылдыруу м-н ысытылат. 2) Т е л е ф о н И-у – кол м-н ж-а электр моторунун жардамы аркылуу (машиналык И.) иштетилүүчү өзгөрмөлүү токту пайда кылуучу магнит-электр машинасы. Биринчиси кол м-н тейленүүчү телефон аппараттарында сигнал жиберип туруу үчүн колдонулат. И. 18–21 Гц жыштыктагы, 60–70 в чыңалуудагы ж-а 3,8 Вт кубаттуулуктагы өзгөрүлмөлүү токту иштеп чыгат. Ал эми м а ш и н ал ы к И. телефон станцияларында, абоненттердин аппараттарына сигнал берүүдө колдонулат. И-дун эки түрү чыгарылат: айлануучу якордуу, эки кыймылсыз тик бурчтуу магниттүү; кыймылсыз якордуу ж-а шакек формасындагы айлануучу көп уюлдуу магниттүү.