ИНДУИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:29, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ИНДУИ́ЗМ – Индиянын байыркы салттык ди­ни; Индияда о. эле индиялыктар жашаган чы­гыш өлкөлөрүндө таралган. Б. з. 1-миң жыл­дыгында калыптанган. Анын окуусунун идея­сы веда ж-а брахман дининин эволюциясынын негизинде түзүлгөн. О. эле И-де жандардын бир түрдөн экинчи түргө өтүшү (сансара) жогорку ку­дайларды (Вишну же Шива) же алардын ку­булгандагы көрүнүштөрүн урматтагандыкка, касталык турмуш-тиричилик (к. Касталар) эре­желерин аткаргандыкка жараша аныкталуучу жакшы же жаман жүрүм-туруму үчүн сый же жаза берүү мыйзамы (карма) б-ча жүрөт деп ырастаган окуу түзөт. Сыйынуу чиркөөлөрдө, ыйык жайларда өткөрүлүп, дасера, дивала, холи майрамдары белгиленет. Жаныбарлардан уй, жылан, дарыялардан Ганг, өсүмдүктөрдөн ло­тос ж. б. ыйык деп эсептелет. И-ге кудайдын универсалдуулугу ж-а баарына бирдей жалпы­лыгы ж-дөгү элестөөлөр мүнөздүү. Бул өзгөчө бхакти окуусунан көрүнөт. И. вишнуизм ж-а шиваизм агымдарынан турат. Учурда И. динин тутуучулардын саны 1 млрд же дүйнө жүзүндөгү калктын 17,5%ин түзөт.


Ад.: Кнотт К. Индуизм. М., 2001; Альбедиль М. Ф. Индуизм: Главная религия Индии. СПб., 2006.