ИНДИЯ ЭЛДИК КӨТӨРҮЛҮШҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:29, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ИНДИЯ ЭЛДИК КӨТӨРҮЛҮШҮ (1857–59), С ы п а й л а р к ө т ө р ү л ү ш ү – англ. колониячыл үстөмдүккө каршы чыккан масса­лык кыймыл. Анын өзөгүн сыпайлар түзгөн­дүктөн, англ. ад-тта сыпайлар көтөрүлүшү деп аталып калган. Анын башкы себеби 19-к-дын орто ченинде колониячыл администрация та­рабынан жамааттык жер ээлеринен алынган са­лыктын кескин көбөйүшү, брахмандарга тие­шелүү артыкчылыктын жоюлушу, сыпайларга бериле турган маянанын азайышы болгон. Ко­лониялык эзүүнүн кесепети ж-а англ. товар­лардын өтө көп келиши кол өнөрчүлөрдү ай­рыкча жабыркаткан. Көтөрүлүштүн негизги кый­мылдаткыч күчүн эл массасы – болгондо да дый­кандар жамааты түзүп, жетекчилик ролду фео­далдар ойногон. Көтөрүлүш 1857-ж. 10-майда Мирут ш-нда башталган. Адегенде сыпайлардын 3 полку көтөрүлүп, алар Делиге карай бет ал­ган. Ошол замат аларды делилик сыпайлар м-н жерг. эл колдоп кеткен. Улуу Моголдордун ди­настиясынын бийлигин калыбына келтирүү башкы ураанга айланып, падыша Бахадуршах IIни да ушул чакырыкка кол коюуга мажбур кылышкан. Канпур, Лакхнау ш-нда да көтө­рүлүшчүлөрдүн аскери топтолуп, жер-жерлерде өз алдынча өкмөттөр пайда болгон. Бирок, коз­голоңчулардын арасынан өз ара чыр-чатак чы­гып, Канпур ш-нан башка жерлерде башкаруу­ну жеткире уюштура алышкан эмес. Көтөрү­лүшчүлөрдө жалпы жетекчиликтин ж-а бирдик­түү аракеттенүү планынын жоктугу алардын жеңилип калышын шарттаган. Англ. колония­чылар тез эле Ганг өрөөнүндөгү көтөрүлүштү бас­кан ж-а демилгени өз колуна алууга жетиш­кен. 1857-ж. англ. аскерлердин чабуулу башта­лып, июнда Бенарес, Аллахабад, сентябрда Де­ли ш. алынып, көтөрүлүштүн убактылуу бор­бору Ауд ш. болуп калган. 1858-ж. 19-мартта


Лакхнау англичандардын колуна өткөн. Ушун­дан баштап көтөрүлүшчүлөр партизандык согуш­тун ыкмасын колдоно башташкан. Англ. аскер­дин абалы оорлошуп баратканын көргөн коро­лева Виктория 1858-ж.1-ноябрда көтөрүлүшкө ка­тышкан феодалдардын күнөөсүн кечип, алардын артыкчылык укугун калыбына келтирген мани­фестке кол койгон. Натыйжада, феодал төбөл­дөрү көтөрүлүштөн кол үзгөн. 1859-жылдын ап­релинде колониячыл аскер партизандык согуш­ту баскан. И. э. к-нүн жеңилишинин башкы се­беби англ. аскердин согуштук артыкчылыгы, ин­диялык дыйкандар м-н феодалдардын ар башка максатты көздөшү ж-а сыпайлардын бытыран­дылыгы болгон. Бирок көтөрүлүш жеңилгени м-н дыйкандардын кийинки нааразылыгынан чо­чулаган англ. бийлик өз саясатын өзгөртүп, феод. кысымды чектеген мыйзам кабыл алууга маж­бур болгон ж-а Индияны башкаруу Ост-Инд ком­паниясынан Англиянын өкмөтүнө өткөн.