АРАЛАШ ЧЕРТМЕ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:31, 14 Апрель (Чын куран) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''АРАЛАШ ЧЕРТМЕ –''' комузчулар күүлөрдү, обондорду чертүүдө пайдалануучу ыкмалардын бири. Арал...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРАЛАШ ЧЕРТМЕ – комузчулар күүлөрдү, обондорду чертүүдө пайдалануучу ыкмалардын бири. Аралаш чертмеге бардык манжалар катышат да, бир эле мезгилде «кол ойнотмо», «терип чертме», «чымчып чертме» өңдүу бир нече ыкмалар колдонулат. Аралаш чертмеде күү же обон мукамдуу, уккулуктуу келип, түркүн кайрыктарга, үндөшүүлөргө бай болот.