АППАК КОЖО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:09, 1 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Турганбаев Элебай (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''АППАК КОЖО''' [толук аты-жөнү Идаятулла Aппак («Жарык дүйнө» же «Нур ээси») кожо ибн кожо Мухамме...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АППАК КОЖО [толук аты-жөнү Идаятулла Aппак («Жарык дүйнө» же «Нур ээси») кожо ибн кожо Мухаммед Жусуп (1625/26, Комул, Чыгыш Түркстан – 1694/95, Кашкар аймагы)] – ислам динин, анын ичинде сопучулук агымын жайылтуучулардын бири; Чыгыш Түркстандагы Жаркент хандыгынын тагын ээлеген биринчи кожо. 1542-жылдары дүйнөдөн кайткан диний ишмер Махдум Азамдын жети уулу болуп, алардын эң улуусу эшен Калан жана эң кичүүсү Исхак Вали атасынын жолун улантышкан. Кийинчерээк диний көз караштарга байланыштуу катуу араздашып, натыйжада Чыгыш Түркстанда (кара: Алтышаар) «ак тоолуктар» (кара: Ышкиййа тарыкаты) жана «кара тоолуктар» (кара: Исхакийа тарыкаты) деген бири-бирине карама-каршы эки диний агым пайда болгон. Аппак кожо «ак тоолук» Эшен Каландын небереси болуп, мунун тушунда диний араздашуу өтө жогорку деңгээлге жеткен. 1670-жылдары ал Жаркенттин ханы (1671–1682) менен Исмаил келише албай Чыгыш Түркстандан кеткен. 1678-жылы Тибетке келип, 2 жылдай жашап, ал жактан Далай ламанын колдоосу менен Жуңгар хандыгыны ханы (1671–1697) Галдан Бошоктуга алдына барган.  1680–1683-жылдары Бошокту Алтышаарды каратып, Жаркент хандыгынын тагына Аппак кожону отургузуп, анын уулу Жаханга (Йахийа) Кашкарды берген. Ушул учурдан баштап Чыгыш Түркстан Жуңгар хандыгына көз каранды болуп, жылына 100 000 теңге салык төлөп туруу милдети тагылган. Кийинчерээк Аппак кожонун урпактары (кара: Жааңгер кожо) Чыгыш Түркстандын (Алтышаар, Жетишаар) тарыхында чоң ролдорду ойношкон. Сөөгү Кашкар шаарына жакын атасы Мухаммед Жусуптун 1640-жылдары курулган бейитинин жанына коюлган. Кийин анын көрүстөнү «Азирет Аппак кожонун күмбөзү» деген аталыш менен мусулмандар зыярат кылуучу жайга айланган. Уйгурлардын тарыхында Аппак кожого терс баа берилген.

Ад.: Думан Л. И. Аграрная политика цинского (манчжурского) правительства в Синьцзяне в конце XVIII века. М.-Л., 1936; История Кашгарии /Материалы по истории казахских ханств XV-XVIII веков. (Извлечения из персидских и тюркских сочинений). А.-А., 1969; Кузнецов В. С. Империя Цин и Му­сульман­ский мир. Новосибрск, 1990.