БИОГАЗ
БИОГАЗ ( био...ж-а газ) – микроорганизмдердин орг. заттарынын анаэробдук ажыроосунун натыйжасында пайда болгон газдардын аралашмасы. О. эле, саздын акпай турган суусунун астынан бөлүнгөн газ да Б. деп аталат. 1776-ж. англ. окумуштуу А. Вольт саз газынан метанды тапкан, ошондуктан Б. пайда болуу процесси метандык ачуу же метаногенез деп аталат. Б. алгач Лондондо көчөнү жарык кылуу үчүн пайдаланылган.
Б-дын курамынын 60-65% метан ж-а 25-30% көмүртек диоксиди, о. эле суутек, көмүртек оксиди, азот, кычкылтек, күкүрттүү суутектен турат. Б-дын күйүү жылуулугу 21-34 МДж\м3. Метандын ачуу процесси: субстраттардын ( целлюлоза, крахмал, белоктор ж.б-дын) ээрүү ж-а деполимерленүү; субстраттардын төмөнкү молекулалуу май к-тасына (ацетогенез) ж-а эриткичтер–этанол, пропанол, бутанол, ацетонго айлануусу (сольватогенез); ацетат-иондун декарбоксилденүү ж-а көмүртек диоксидинин метанды пайда кылуу м-н калыбына келүүсү (метаногенез) жүрөт. Ацетогенез ж-а солватогенез бактериялардын, метаногенез архидеялардын жардамы м-н жүрөт. Ачуу 30-400Сде мезофилдик ж-а 50-700 Сде термофилдик микроорганзмдердин ассоциациясы м-н ишке ашырылат. Көмүртек субстарттарынын метанга айлануусу (конверсиясы) 30-35%ти түзөт. Ачуудан кийинки катуу калдык (8–10%) жакшы азот жер семирткичи катары пайдаланылат.Метантенк деп аталган аппарат метандык ачууну ишке ашырат. Эӊ жөнөкөй, 3-10 м3 көлөмдүү метантенк бетон чан деп аталат. Б. – альтернативдик, экологиялык жактан таза болгондуктан жылуулук электр станциясында, транспортто ж. б.; о. эле хим. өнөр жайда сырье катары пайдаланылат. (китептеги макала алмашат).