АШМАРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:59, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АШМАРА, А с п а р а ‒ Панфилов району (Кыргызстан) менен Мерке районунун (Казакстан) чек арасы аркылуу аккан суу. Чүй өрөөнүндөгү Курагатты суусунун оӊ куймасы. Узундугу 108 км, алабынын аянты 1210 км2. Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталынан башталат. Чүй өрөөнүнө чыкканда нугу кеӊейип, тайыздайт. Ири куймалары: Махан, Аршалы ж. б. Жылдык орточо чыгымы 3,31 м3/сек; эӊ көбү 9,66 м3/сек, эӊ азы 1,02 м3/сек. Май айында кирип, сентябрда тартылат. Алабында жалпы аянты 17,8 км2 келген 34 чакан мөӊгү бар. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Чалдыбар, Ровный, Гранитогорск ж. б. кыштактар жайгашкан.