АСАНАЛИЕВ Жумаш

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:27, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АСАНАЛИЕВ Жумаш (10. 5. 1923, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Отуз-Уул айылы – 25. 6. 1944) – Советтер Союзунун Баатыры (1944). Советтик Apмиянын катарына 1942-жылы чакырылган. Улуу Ата Meкендик согушта 67-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 199-гвардиялык полкунда пулемётчу болгон.1944-жылы 24-июнда Батыш Двина дарыясынан совет жоокерлери чабуул коюп, Лабейка кыштагынын (БССР) жанынан өткөндө, Асаналиев өз пулемёту менен душман ээлеген жээкке биринчилерден болуп чыгып, батальондун оң флангасынан орун алып, гитлерчилердин контр чабуулуна каршы салгылашкан. Пулемёту жараксыз болуп калган соң, фашисттер жакындап келгенде, акыркы гранатасын жардырып, айланасындагы фашисттерди кырып, өзү да курман болгон. Лaбейка кыштагынын жанына коюлган. Белоруссиянын борбору – Минск шаарындагы жанa туулуп-өскөн айылындагы көчөгө ысмы ыйгарылып, Минск шаарында эстелиги тургузулган (2004).