АППЕРЦЕПЦИЯ
АППЕРЦЕПЦИЯ (лат. adperceptio – кабылдоо) – кабылдоонун аңдалгандыгын жана байланышын, ошондой эле жаңы түшүнүктү өткөн тажрыйба менен бириктирүү процессии туюнтуучу философиялык жана психологиялык түшүнүк. Апперцепция термини Г. В. Лейбниц тарабынан киргизилген. Ал аң-сезимдүү жана активдүү кабылдоону перцепциядан (аңдоосуз кабылдоо) айырмалап, Аппецепция деп атаган. Кийин Апперцепция табияттын өзгөрүүсүн жана аң-сезимдин биримдигин түшүндүрүүдө колдонулуп калган. Канттын философиясында Апперцепция өзүн-өзү аңдоону мүнөздөйт. И. Герберттин психологиясында Апперцепция кабылдоонун – жалпы эле жаңы нерсени өздөштүрүүдө өткөндөгү тажрыйбага көз каранды экендигин билдирет. В. Вундттун пикири боюнча Апперцепцияны адамдын рухий дүйнөсүнүн чыгармачылык күчүнүн негизин түзгөн аң-сезимдин бардык активдүү процесстери – ыкылас, эрк, кыялдануу, акыл-эсти аң-сезимдин иштөө принциби катары санайт. Психологияда учурда Апперцепция түшүнүгү колдонулбаганына карабастан, инсандын кабылдоосу турмуштук тажрыйбадан көз карандылыгы айрым учурда ушул термин менен белгиленет.