АНАТАЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:49, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНАТАЗ (грекче anatasis – созуу) – октаэдриттитан кош кычкылынын (Ti02) жаратылыштагы үч полиморфтук модификациясынын бири; минерал. Тетрагон сингониясында кристаллданат. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 5,5– 6,0°С. Салыштырма салмагы 3,82–3,95. Өңү кара көк, кара күрөң, сары, алмаз сымал жалтырайт. 620–650°С температурага чейин ысытса, рутилге айланат. Анатаз гидротермдик хрусталдуу тарамдарда, метаморфизмделген тоо тектерде, кээде ильмениттин бузулушунан пайда болгон продукт (өнүм) катары жолугат.