АЛЫМКУЛОВ Самсалы Аманович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:27, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛЫМКУЛОВ Самсалы Аманович (1955-ж. , Чүй областы, Чүй району, Жаңы-Чек кыштагы) – техника илимдеринин доктору (2005). 1978-ж. В. И. Ульянов атындагы Ленинград электротехникалык институтун бүтүргөн. Эмгек жолун ФПИде инженер, улук инженер, илимий кызматкер; Кыргызтелеком ААКтын президенти, И. Разаков атындагы КМТУда профессор, кафедра башчысы, КР УИА улук илимий кызматкер. КРдин Өкмөтүнүн алдындагы комиссияда башкы адис. "Кыргызтелеком" АКнын биринчи президенти (1997--99), КРдин биринчи вице-премьер-министринин, Транспорт жана коммуникация министринин кеңешчиси (2001–2005). Алымкулов 178 илимий эмгектин автору, 5 монография, 4 патенттин автору.