АЛГАЧКЫ КЕКИРТЕКТҮҮЛӨР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:13, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛГАЧКЫ КЕКИРТЕКТҮҮЛӨР, о н и х о ф о р а л а р (Protracheata) ‒ омурткасыздар тибинин классы. Териси жумшак, жука келип, курт сымал түспөлдө. Денеси муунактуу, көптөгөн жуп буттары (14‒40) бар. Денесинен анча бөлүнбөгөн баш бөлүгүндө 3 жуп өсүндүсү болот. Биринчи жуп өсүндүсү ‒ узун мурутча. Өтө жай кыймылдаган жырткыч, майда курт-кумурскалар, жөргөмүштөр ж. б. организмдер менен азыктанат, териси жана трахеялары аркылуу дем алат. Денесинин чоӊдугу бир нече ммден 10 смге жетет. Ичегилери өтө жөнөкөй түзүлүштө. Кан айлануу жана нерв системасы муунак буттуулардыкына окшош. Ар кыл жыныстуу. Көпчүлүк түрлөрү жумуртка, кээси тирүүлөй тууйт. Булар тропик жана субтропик токойлордо көп. 1 түркүмү, 2 тукуму, 20дан ашык түрү бар.