АК КАРАГАЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:56, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АК КАРАГАЙ (Abies) – кызыл карагайлар ту­кумундагы дарак өсүмдүгү. Бийиктиги 30‑65 м, сөңгөгүнүн диаметри 2 мге чейин. Кабыгы агыш боз, жылмакай, 300‑350 жыл өсөт. Ийне жалбы­рактарынын узундугу 2‑3 см, жоондугу 0,2‑0,3 см, бир үйлүү өсүмдүк, айрым жыныстуу. Мөмө берүүчү жаш тобурчагы – жашыл, бышканы – күрөң, узундугу 10‑16 см. Уругу чоң, узундугу 1 смге чейин. Тобурчагы эрте күздө бышып, уруктары күбүлүп түшөт. Тамыры терең; сөңгөктүү жана бир нече күчтүү өөрчүгөн каптал тамырлары болот. Борбордук Европа тоолорунда жапайы түрдө таралган. Кыргызстанда Семенов Ак карагайы Батыш Теңир‑Тоонун реликт жана эндем түрү. Кыргызстандын Кызыл ки­тебине катталган.