АК-КУЙРУК СУУ БҮРКҮТҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:50, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АК КУЙРУК СУУ БҮРКҮТҮ (Haliautus albicil­la) – суу бүркүттөр тукумундагы ири куш. Кара күрөң түстө, куйругу ак, тумшугу, көзү, бутта­ры сары. Ал Чүй өрөөнүндө жана Ысык‑Көл ой­дуңдарында чанда жолугат. Бул түр ноябрдан апрелге чейин Ысык‑Көлдө кыштайт. Алар не­гизинен балык, кээде ондатр, өрдөк, каз менен азыктанат. Көлдөгү балыктардын азайышына байланыштуу бул түр азаюуда. Кыргызстандын Кы­зыл китебине катталган.