АК-КАШАТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:49, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АК-КАШАТ – Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Жаңы‑Пахта айыл аймагына караш­туу. Райондун борбору Сокулук кыштагынан 35 км түштүк-батыш тарапта. Шопоков темир жол беке­тинен 37 км. Деңиз деңгээлинен 600 м бийиктикте жайгашкан. 1933‑ж. отурукташкан. Калкы 504 (2022); негизинен жашылчачылыкта эмгекте­нет. Негизги мектеп, бала бакча, ФАП, китепкана, аш­кана бар.