АЙЫЛ ЧАРБА КООПЕРАЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:46, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙЫЛ ЧАРБА КООПЕРАЦИЯСЫ – айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдүн экономикалык ж. б. керек­төөлөрүн канааттандыруу максатында өндүрүш­түк же башка чарбалык иш үчүн акчалай баа­ланган алардын мүлктүк, үлүштүк мүчө акыла­рын бириктирүүнүн негизинде уюшулган ык­тыярдуу бирикме. Кооператив ыктыярдуу не­гизде түзүлөт жанa мүчөлөрүнүн саны жетиден кем болбоого тийиш. Анын мүчөлөрүнүн жер үлүшү өз менчигинде калат жанa кооперативге ижарага гана берилүүгө тийиш, ошондой эле мүчөнүн үлүштүк акысы кооперативдин фондуна акчалай төгүлөт. Үлүштүк мүчөлүк акы катары мал, айыл чарба техни­касы, акчалай наркы бар башка мүлктөрүн ко­шууга болот. Кооператив ишинин түрүнө жара­ша өндүрүштүк, кайра иштетүүчү жанa сервистик болуп түзүлүшү мүмкүн. Өндүрүштүк кооператив­де айыл чарба продукциялары биргелешип өндүрүлөт. Кайра иштетүүчү кооперативде айыл чарба продукция­сы кайра иштетилип, жаңы азык‑түлүк алы­нат. Сервистик кооператив айыл чарба продукцияла­рын сатуучу, ошондой эле аны сактоо, сорттоо, таңгак­тоо, кургатуу, жууп‑тазалоо, бөлүштүрүү, ташуу, мелиорациялык, унаа менен камсыздоо, курулуш, ветеринардык жактан тейлөө, жер семирткич­терди жанa химикаттарды колдонуу боюнча иштер­ди, илимий-консультациялык, маалыматтык, мар­кетингдик ж. б. кызматтарды аткарат.
А С. Ажыбеков.