АЙДАРКЕН ФЛЮОРИТ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:40, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙДАРКЕН ФЛЮОРИТ КЕНИ Баткен облусунун Кадамжай районунда, Айдаркен руднигинен 8 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 1650–1950 м бийиктик­те. Түштүк Кыргыз геолологиялык экспедициясы чалгындоо иштерин жүргүзүп, 1978‑жылы запасын бекит­кен. Карбон мезгилинин тоо тектеринен түзүлгөн ар түрдүү брекчияларындагы сымап‑сурьма кенташ тулкулары менен флюорит минералы байла­нышкан. Флюорит майда кристаллдуу уя түрүндө кездешет. Кенташтагы флюорит 16,57%ин түзөт. Флюоритти металлургияда флюс катары пайдаланса болот. Флюориттин С1 категориясы боюнча запасы – 267 миң т, С2 – 270 миң т, 1997‑ж. карата баланстагы запасы Ц – 261 миң т, С2 – 269 миң т.