АЙВАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:39, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙВАН (перс. эйван бастырма, иван зал, ак сарай) – 1) Орто Азияда турак жайлардын, мечиттердин ж. б. имараттардын алдына улай же өзүнчө курулган чатыры жайык, түркүктөр менен тирелген бастырма; 2) короонун ичиндеги бир, эки же үч тарабы ачык, кенен имарат‑зал (Парфия менен Сасаниддик Ирандын ак сарайларында, орто кылымдагы Орто Азия, Иран, Афганистан ж. б. өлкөлөрдө мечиттер менен ак сарайларда адамдарды кабыл алуучу жай).

Айваны бар турак үйлөр.

Кыргызстандын ай­магында (көбүнчө түштүгүндө) айваны бар көп турак үйлөр, мечиттер салынган (мис., Сулайман тоосунун этегиндеги мечит). Имараттын ортоң­ку чатыры купол түрүндө жабылып, капталын­дагылары кышкы имаратка ылайыкташтырыл­ган. Мындай мечиттер Орто Азиянын Самарканд, Бухара ж. б. шаарларында да кезигет.

Д. Өмүралиев.