АЗОСПЕРМИЯ
Jump to navigation
Jump to search
АЗОСПЕРМИЯ (а... жана гр. zoon – тирүү жандык, sperma – эркек уругу) – эркектин жыныс суюктугунда урук клеткасынын (сперматозоиддердин) жоктугу. Азоспермия жыныс бездери, урук түтүктөрү начар өөрчүгөндө же түрдүү ооруга (котон жара, астынан сезгенүү, жыныс безинин шишиги, кант оорусу, уулануу ж. б.) чалдыкканда пайда болот. Жыныс суюктугун микроскоп менен изилдеп текшергенде аныкталып, оорунун себептерине жараша дарылоо жүргүзүлөт. Азоспермия эркектин тукумсуздугунун себебинин бири.