АБДИЕВ Тууганбай

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:27, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБДИЕВ Тууганбай (3. 5. 1937-жылы, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Ничке-Сай айылы – 1. 12. 2008-жылы, Бишкек шаары) – төкмө акын, дастанчы, комузчу, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1986), Кыргыз Республикасынын эл артисти (1993). Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн (1976). Токтогул райондук маданият үйүндө (1955), Жалал-Абаддагы кыргыз драма театрында (1956–1961) иштеген. 1961-жылдан 2008-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик филармониянын артисти болуп эмгектенген. Театрга келгенге чейин эле алгачкы устаты Корголдон комузга кошуп ырдоону, айтыштын ар кыл түрлөрүн, Сарыкунандан (Сагынбек) дастандарды комуз менен айтуу өнөрүн үйрөнгөн. «Чоң кербез», «Тогуз кайрык», «Мырза кербез», «Бала кербез», «Кара өзгөй»,

АБДИЕВ16.png

«Кер толгоо», «Ак тамак, Көк тамак», «Ак бакай», «Лү-лү, Мамажан» күүлөрүн, «Жаныш, Байыш», «Курманбек», «Ак Мөөр» кенже эпосторун жана башка чыгармаларды жогорку деңгээлде эле аткарбастан, анын таасирдүүлүгүн дагы тереңдеткен. «Эрке кыял» аттуу күүнүн автору. Т. Абдиевдин «Таңшы комуз» (1979), «Ыр канатында» (1984), «Айтыш, Замандаштар, Чоңколор, Залкарлар» аттуу ырлар жыйнактары жарык көргөн. «Махабат дастаны» кинотасмасында (режисёру Д.Садырбаев, 1984) Раймалынын ролун аткарган. Төкмө акындардын эл аралык айтыштарынын, дастанчылар («Ак тандай», 1993; «Манас», 1995) кароосунун башкы жеңүүчүсү. III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган (2005).