«АЙТЫШ» РЕСПУБЛИКАЛЫК КООМДУК ФОНДУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:17, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АЙТЫШ» РЕСПУБЛИКАЛЫК КООМДУК ФОНДУ – төкмө акындардын чыгармачылыгын кол­доо максатында түзүлгөн мекеме. Кинорежиссер Садык Шер Нияз тарабынан негизделген (2001). 2004–20-жылдары фондду төкмө акын Э. Иманалиев же­тектеген. Фонд Кыргыз Республикасынын эл артисттери, акындар А. Айталиевдин жанa Т. Абдиевдин айтыш мек­тебинин түптөлүшүнө, азыркы төкмө акындардын республикалык, эл ­аралык айтыштарга жигердүү катышуусуна өбөлгө түзүүдө. Фонддун колдоосу менен «Ак таң­дайлар» аттуу китеп жарык көргөн (2003), ошондой эле республикалык айтыштардын видео, аудио кассета, компакт-дискеттери чыгарылды, үч тилде (кыргызча, орусча, англисче) өз алдынча Интернет сайт (www/aitysh/kg) ачылды (2004). «Калемгер» ада­бий клубу негизделип, КТРКнын «Айтыш», «Че­чен айтыш», «Бетме‑бет», "Төкмө келсе төр бошот", "Айтыш төр" телекөрсөтүүлөрүндө акындардын айтышы эл сыноосуна коюлуп турат. 2021–22-жылдары М. Самыйкожо жана А. Маратовдор теңтөрагалыкта кызмат өтөшкөн. Учурда бул коомдук фонддун төрагасы А. Маратов.