АФИНЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(жаӊы гр. Aqhnаi) ‒ Грекия Респ-нын борбор шаары. Түш. Европадагы эӊ ири шаарлардын бири. Аттика номунун (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Адм. жактан муниципалдык округдарга (демосторго) бөлүнгөн. Калкы 753 миӊ (2010; Пирей ш. ж-а шаар айланасы м-н Чоӊ

А-ны түзүп, калкы 3,9 млнго жетет). Шаар Аттика ж. а-нда, Эгей деӊизинин Сароникос булуӊунун жээгиндеги дөбөчөлөрдө (Ликавит, Акрополь, Ареопаг, Пникс, Филопаппа ж. б.), Педион өрөөнүндө жайгашкан. Маанилүү жолдор тоому (башкы магистралдык жолдору Салоникага, андан ары Македония, Болгария ж-а Түркиянын чек араларына жетет). Темир жол тармактары шаарды Пелопоннес ж. а. ж-а өлкөнүн батыш бөлүгү м-н байланыштырат. Эл аралык аэропорттору, метрополитен (А-ны Пирей м-н байланыштырат) бар. А-нын аванпорту ‒ Пирей Грекиянын ири порту.
А-нын так негизделген жылы белгисиз. Анын аталышын байыркы гректер шаардын колдоочусу деп саналган Афина Паллада кудайы м-н байланыштырган. Уламыш б-ча азыркы А. шаары жайгашкан жерге адамдар б. з. ч. 16‒13-к-да

Афины шаарынын панорамасы.

отурукташа баштаган. А. байыркы Аттикада гы ири экон., саясий ж-а маданий борбор, өз алдынча шаар-мамлекет болгон (к. Афины Байыркы ). Ал б. з. ч. 146-жылдан б. з. 395-ж. чейин Рим империясына, 395‒1204-ж. Византия га караган. 1204‒1458-ж. Афины герцогдугунун борбору. 1458-ж. түрктөр тарабынан басылып алынган. 1834-жылдан Грекиянын борбору ж-а королдук резиденция.
Эл аралык туризмдин (2000-ж. 10 млн) борбору. Көптөгөн конгресс, симпозиумдар (өзгөчө тарых ж-а иск-во жаатында) өткөрүлөт. Арх-расы шаарга кайталангыс көрк берип турат. А-нын тарыхый чордону болгон Афины Акрополу

Афины шаарынын бир бөлүгү.

көтөрүлүп турат (Бүткүл Дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген). Этегинде Агора аянты жайгашкан. Түштүгүнөн Дионис театры (6-к. ‒ б. з. ч. 326-ж.) ж-а Аттикадагы Герод одеону (б. з. 161-жылынан кийин) Акрополго жалгашат. Илгери алар үстү жабык узун галерея (б. з. ч. 2-к.) м-н байланышып турган. Рим Сенатору Филопапптын күмбөзү (114‒116), Керамик аймагынын некрополу («Керамик» музейи, б. з. ч. 5‒4-к.), Гефестейон храмы (же Тезейон б. з. ч. 449‒444), Агриппа ж-а Гимнасия одеондорунун калдыктары (б. з. ч. 1-к-дын аягы ‒ б. з. 2-к.; бардыгы Агорада), Лисикраттын эстелиги (б.з.ч. 335‒334), Зевс храмы, Византия доорундагы чиркөөлөр (Ыйык Апостол, 1000‒25; Ыйык Феодор, 1065-жыл чен; Ыйык Екатерина, 11‒12-к., Кичи Митрополия, 12-к. ж. б.), Жаӊы шаардын чегинде 11-к-дын кечил каналары, Элевсиндин калдыктары сакталган. Классицизм стилиндеги курулуштар, эски король сарайы (учурда парламент жайгашкан), театр, ИА (1926), ун-ттер (тех., улуттук), жогорку мектептер, «Атенеум» консерваториясы, китепка налар, музейлер, улуттук живопись галереясы (1900-жылдан) бар. Эл аралык (вокалист, пианисттер, дирижёр, композиторлор) конкурстар өткөрүлүп турат. 1896-ж. I, 2004-ж. XXVIII Олимпия оюндары өткөрүлгөн.
А. ‒ Грекиянын башкы экон. борбору. Металлургия, машина куруу (а. и. кеме, автомобиль), нефть ажыратуу, хим., целлюлоза-кагаз, текстиль, булгаары-бут кийим, тигүү, тамак-аш, тамеки, цемент өнөр жайлары, азот к-тасы өндүрүшү (Пирейде) бар. Суунун жетишсиздиги нен шаар жакшы жашылдандырылган эмес. Боз түшүп (смог) турат.
Ад.: Колобова К. М. Древний город Афины и его памятники. Л., 1961; Сидорова Н. А. Афины. 2-е изд. М., 1884; Беспалов О. Г., Звонов Н. В. Афины. М., 1998. Р. Карачалова, А. Орозов.