АКИШЕВ
АКИШЕВ Кемал (23. 5. 1924. Павлодар облусу, Барнаул шаары – 10. 8. 2003, Алматы) – археолог, казак археология илимин негиздегендердин бири. Казакстан мамлекеттик сыйлыгынын (1982), Казак ИАсынын Ч. Валиханов атындагы сыйлыгынын (1966) лауреаты, Германия Археология институтунун корреспондент мүчөсү, Казакстандын илимге эмгек сиңирген кызматкери (1989), 1950‑жылы Казак мамлекеттик университетин бүтүргөн соң, Казакстан ИАда аспирант, кенже жана улук илимий кызматкер, профессору. 1955–90‑жылдары Ч. Валиханов атындагы тарых, археология жана этнография институтунда археология бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1991‑жылдан А. Маргулан атындагы археология институтунун бөлүм башчысы, институттун улук илимий кызматкери. 1954‑жылдан Казакстан аймагындагы археологиялык экспедициялардын уюштуруучусу жана жетекчиси. Байыркы жана орто кылымдарга таандык эстеликтерди, дүйнөлүк мааниси зор Эшик (казакча Есик) коргонунан табылган «Алтын адам» (б. з. ч. 5‑4‑к.), Бешчатыр (б. з. ч. 6‑5‑к.), Отрар ж. б. археологиялык табылгаларды ачкан жана изилдеген. 220га жакын илимий эмгектин, анын ичинде 14 монографиянын автору. «Древняя культура саков и усуней долины р. Или» (1963), «Древняя культура Центрального Казакстана» (1966), «Древний Отрар» (1970) ж. б. эмгектеринде коло, эрте темир доорундагы маданияттардын маанилүү жана негиздүү маселелерин изилдеген. «Парасат» ордени менен сыйланган.