БЕЛОВЕЖА МАКУЛДАШУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:37, 29 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БЕЛОВЕЖА МАКУЛДАШУУСУ – 1991-ж. 8-декабрда Беловежа токоюндагы (Беларуссия) «Вискули» өкмөттүк резиденциясында Россиянын жана Украинанын Президенттери Борис Ельцин менен Леонид Кравчук, ошондой эле Беларуссиянын Жогорку Советинин төрагасы Станислав Шушкевич тарабынан кол коюлган келишим. Беловежа макулдашуусу СССРдин эл аралык укуктун субъектиси катары өз жашоосун токтоткондугу жнүндө билдирген жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин түзүлгөндүгү жарыяланган.