АТОМ СПЕКТРЛЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:07, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
эркин абалындагы же начар байланышкан атомдордун электр-магнит нурун бөлүп чыгаруудан же жутуудан алынуучу оптикалык спектрлер. Алар тыгыз эмес бууларда ж-а газдарда болот. А. с. нурлануу жыштыгы n м-н мүнөздөлүп, ар бир сызыгы атом энергиясынын ei ж-а ek энергия деӊгээлинин

ортосундагы өтүшүнө туура келет: ei ‒ek=hn, мында, h ‒ Планк турактуулугу. А. с. ачык көрүнгөн жекече касиетке ээ. Алардын көрүнүшү берилген элементтин атомунун түзүлүшү м-н гана аныкталбастан, сырткы факторлору ‒ темп-ра, басым, электр ж-а магнит талаасы ж. б. м-н да аныкталат. Ал көзгө көрүнгөн, ультракызгылт -көк ж-а инфракызылга жакын спектр аймактарында байкалат. Аны бөлүп чыгаруу түрдүү жолдор аркылуу, б. а. атомду дүүлүктүрүүдө, ал эми жутулуу туташ спектрдин нурлануусу атм. газ же буу аркылуу өткөндө алынат. А. с-нин жекече заттын сапаттык курамын аныктоо үчүн, ал эми нурландырылуучу атомдун топтолушу нун, сызыктардын интенсивдүүлүгүнө көз карандылыгы заттын сандык курамын аныктоо үчүн пайдаланылат. Аны изилдөө атомдун түзүлүшү ж-дөгү илимдин өнүгүшү үчүн өтө маанилүү.