АРАБ ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:48, 12 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАБ ТИЛИ – бардык араб өлкөлөрүнүн расмий тили. БУУнун Генералдык ассамблеясынын расмий тилдеринин бири. Азия-Африка тилинин семит тобуна кирет. Араб тилинде сүйлөгөн эл­дердин бардыгы үчүн жалпы таандык болгон азыркы араб адабий тили Араб жазма адабиятында 7-кылымда пайда болгон оозеки койнеден келип чыккан. Орто кылымда араб тили Чыгыштагы бардык мусулмандар үчүн диндин, илимдин жана адабияттын тили болгон. Араб тили египет, Судан, Сирия, ирак, магриб ж. б. диалектилерге бөлүнөт. Морфологиялык түзүлүшү боюнча флективдүү тилдерге кирет.
Ад.: Юшманов Н. В., Строй арабского языка. Л, 1938; Гранде Б. М., Курс арабской грамматики в срав­нительно-историческом освещении. М., 1963; Шарбатов Г. Ш., Современный арабский язык. М., 1961.