АНГЛИЯ-ОРУС КЕЛИШИМДЕРИ
АНГЛИЯ-ОРУС КЕЛИШИМДЕРИ – (1873, 1885, 1907). Англия менен Россиянын Тибет, Афганистан жана Иран боюнча жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кол коюлган. Англия өкмөтү Германиянын согуштук күч-кубатынын өсүшүнөн жана анын Чыгыштагы басып алууларынын күчөшүнөн чочулап, Россия, Франция менен дипл. мамилелерин жакшыртуу максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Орто Азиядагы «б у ф е р д и к» алкак жөнүндөгү келишим (1873), ушул өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн (1872-ж. окт.-1873-ж. янв.) натыйжасында түзүлүп, ал боюнча Россия менен Англиянын Орто Азиядагы өз таасириндеги жерлерди чектеген жана Афган эмиратынын түндүк чек араларын белгилеген. Афганистандын ээлигиндеги жерлерди чектөө жөнүндөгү келишим 1885-ж. 29-августта (10-сент.) Лондондо түзүлүп, 1885-ж. афган кризисин жөнгө салган. Аны толуктаган Афган чек араларын аныктаган протоколго 1887-ж. 10-(22) июлда кол коюлган. Ортонку Чыгыштагы таасир көрсөтүү чөйрөсүн чектөө жөнүндөгү макулдашуу 1907-ж. 8 (31)-августта түзүлүп, тараптар Тибеттин аймактык бүтүндүгүн жана кол тийбестигин камсыз кылуу, Ирандагы таасир этүү чөйрөлөрүн аныктоо жана Афганистанды Россиянын таасир этүү чөйрөсүнөн чыгаруу тууралуу макулдашышкан. 1907-ж. марттагы келишим боюнча Иранда Россиянын, Англиянын таасириндеги аймактар белгиленген. Бул келишим Антантаны түзүүдө маанилүү этап болгон.